Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Коми: Трамптын өтүнүчүн көрсөтмө катары кабыл алдым


Жеймс Коми Сенат комитетине көрсөтмө берип жаткан учур. 8-июнь, 2017-жыл.
Жеймс Коми Сенат комитетине көрсөтмө берип жаткан учур. 8-июнь, 2017-жыл.

ФБРдин мурдагы директору Жеймс Коми бүгүн Сенаттын чалгын иштери комитетиндеги коомдук угууга чакырылды.

Ал ФБР директору катары Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсү жана президент Дональд Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын бул өлкө менен ыктымал байланыштары боюнча иликтөө жүргүзүп келген эле жана кызматтан 9-майда алынган:

- Мыйзам ФБРдин директорун бошотуу үчүн эч негизди талап кылбаганы менен администрация анда мени кемсинтүүнү чечти. Мындан да маанилүүсү ФБРде башаламандык бар, жаман башкарылууда, кызматкерлери лидерине ишенимин жоготту деп айтышканы болду. Бул жөн гана калп. Ушул нерсени ФБРдин кызматкерлери укканына, ал америкалыктарга айтылганына мен өкүнүчтөмүн, - деди Жеймс Коми бүгүнкү сөзүндө.

Коми ошондой эле президент Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флин боюнча иликтөөнү жабуу жөнүндөгү өтүнүчүн “көрсөтмө” иретинде кабылдаганын билдирди.

Президенттин мындай өтүнүч жасаган учурдагы ниетине аныктаманы ал эмес, бул маселе боюнча дайындалган атайын прокурор бериш керектигине да токтолду.

Сенаттагы көрсөтмөсү алдында кагаз жүзүндө тараткан билдирүүдө Жеймс Коми президент Трамп кызматка киришкен бир аптадан кийин, 27-январдагы кечки тамакта андан ага “лоялдуулук зарылдыгын” жана “лоялдуулукту күтөм”, - деп айтканын белгилеген.

Ал эми президент Трамп өзүнүн Улуттук коопсуздук боюнча биринчи кеңешчиси Майкл Флиндин иши кийин 14-февралда Ак үйдөгү жолугушууда козгогон.

ФБР ал учурда Флиндин Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтеп жаткан.

Флин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилик кызматты бир айдан аз ээлеп, 13-февралда бошотулган.

Коми бүгүн сенаторлордун суроосуна жооп берип жатып, Орусия АКШ шайлоосуна кийлигишкенинен, Демократиялык партиянын компьютердик системаларын бузуп, андагы маалыматтарды ачыкка чыгарганынан, бул ишти Орусия жетекчилиги билгенинен “эч шеги жоктугун” да айтты.

Буга чейин Коминин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн комментарийлегенде Трамптын адвокаты Марк Касовиц президент өзү ФБРдин иликтөөсүнө тартылбаганына, ал өзүн “толугу менен акмын” деп санарына көңүл бурган. (UE)

XS
SM
MD
LG