Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Астанада ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммити башталууда


Жыйындын бүгүнкү бөлүгүндө президенттер уюмду өнүктүрүү, терроризмге каршы күрөш, Жакынкы Чыгыштагы жана Ооганстандагы кырдаал жана дүйнөлүк экономикага байланышкан маселелерди талкуулашат. Саммитте Ирандын уюмга кирүү арызы да каралат. Пакистан менен Индиянын ШКУга мүчөлүккө кабыл алынышы Астана саммитинин башкы маселелеринин бири.

Президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргызстандык делегация 8-июнда Астанага барган.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча 11 документке кол коюлат. Анын ичинде Астана декларациясы, Экстремизмге каршы күрөшүү конвенциясы жана лидерлердин эл аралык терроризмге каршы биргелешкен билдирүүсү бар.

Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы түзүлгөн. Ага мүчө болуп, Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирген.
Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия уюмда байкоочу мамлекеттер, ал эми Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка өнөктөш мамлекеттер.(ZKo)

XS
SM
MD
LG