Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Бакиров: "Кыргыз Темир Жолу" жүргүзгөн тендер текшерилсин


"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Мирлан Бакиров «Кыргыз темир жолу" ишканасынын Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун насыясына сатылып алынган 150 вагону боюнча тендер акыйкат өткөн жок деп эсептейт. Депутаттын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жарыялаган тендерди текшерүү зарыл:

- Мен бул маалыматты "Азаттыктын" сайтынан окуп, өзүм андан кийин да атайын маалыматтарды издеп, иликтеп көрдүм. Мамлекеттик сатып алуулар порталында бул тендерге кимдер катышканы тууралуу толук маалымат турат. «СН Групп Интернешнл» деп аталган компания эң арзан баада вагондорду сатып алуу боюнча сунуш келтириптир. Алардын Орусиянын "Уралвагонзавод" ишканасы менен түзгөн келишими да бар экен. Бирок тендерди кымбат баа сунуштаган казакстандык «ЗИКСТО» акционердик коому утуп чыгыптыр. Квалификациялык талаптар коюлганда, вагондун сапаты ЕАЭБ техрегламент талаптарына туура келүүгө тийиш. Эгер өкмөт түздөн-түз заводдон ала турган болсо, сапатына кепилдик болот. Экинчиден, ар бир вагондон миллион сомго жакын акча үнөмдөлүп калмак.

Бакировдун маалыматы боюнча тендерге катышып, утулуп калган «СН Групп Интернешнл» компаниясы мекемелер аралык комиссияга кайрылган.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жүк ташый турган 12-132 үлгүсүндөгү 150 вагон сатып алуу максатында март айында 435 миллион сомдук тендер жарыялаган.

Транспорт жана жолдор министрлигинин жетектөөчү адиси Жаныбек Каскенов баа боюнча айтылган жагдайлар иликтенерин "Азаттыкка" билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG