БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш Перс булуңундагы дипломаттык кризисти тескөөгө жардамдашууга даяр.
Гутерриштин өкүлү "эгер муну тараптар кааласа" деп билдирди. «Баш катчы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тынчсыздануу менен көңүл коюп, көз салууда. Ал аймактагы өлкөлөрдү жиктешүүдөн качып, түшүнбөстүктөрдү жоюуга чакырат", - деди Стефан Дуярич.
5-июнда Бахрейн, Сауд Арабиясы, Египет, Бириккен Араб эмирлиги жана башка өлкөлөр Катар менен дипломаттык байланышын жана транспорттук каттамдарын токтоткон. Алар Катар Ирандагы радикал экстремисттерди колдойт деп айыпташууда.
Расмий Доха бул айыптоолорду четке кагып келет.