Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:18

Казакстандын баш калаасы Астанада Шанхай Кызматташтык Уюмунун президенттеринин он жетинчи саммити өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын башчылары катышууда.

Ошондой эле байкоочу мамлекеттер Беларус жана Монголиянын президенттери, Индия, Пакистан, Ооганстандын премьер-министрлери, Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Ибрагим Рахимпур келген.

Жыйынга БУУнун баш катчысы Антониу Гуттереш, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөр ассоциациясынын, КМШнын өкүлдөрү да чакырылган.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жыйынды ачып жатып ШКУ алкагындагы кызматташтык, экстремизм, террорчулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланарын айтты.

Түштөн кийин кеңири курамдагы сүйлөшүүлөр болот. Жыйынтыгында Астана декларациясы, экстремизмге каршы күрөш боюнча конвенция, эл аралык террорчулукка каршы туруу боюнча ШКУга мүчө мамлекет башчылардын биргелешкен билдирүүсүн кошкондо жалпы 11 документ кабыл алынат.

Мамлекет башчылар ШКУнун ишине баа берип, алдыда турган иш-чараларды аныктап, Индия менен Пакистан уюмга мүчө катары кабыл алынат.

Жыйындан кийин бүгүн кечинде Астанада ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсү ачылат. Бул иш-чаранын алкагында 10-июнда президент Алмазбек Атамбаев Чехиянын президенти Милош Земан менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт.

Атамбаев жетектеген Кыргызстандын делегациясы Астанага 8-июнда барган. (NT)

XS
SM
MD
LG