Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:19

Нарындагы Ага Хан университетинде болгон окуяга байланыштуу кылмыш иш козголду. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул окуя облустук милицияда "бейбаштык" деп катталды, кылмыш иш да ушул эле берененин негизинде козголду.

Мындан тышкары Нарын облустук милициясынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине байланыштуу ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматы өзүнчө иликтөө баштады.

Кечээ Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин корпустарынын биринин алдына жергиликтүү 100гө чукул адам митингге чыккан. Алар бул окуу жайдын айрым студенттеринин өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылган. Жергиликтүү жаштар өткөн айда аталган университеттин спорт залында чет өлкөдөн келген студенттер менен баскетбол ойноп, өз ара чырлаша кеткен. Жергиликтүүлөрдүн белгилешинче, оюндун шартын бузган студенттер “бир пикирге келүүгө көнгөн эмес жана жаман сөздөрдү айтышкан”. Экинчи тарап азырынча бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Чогулгандар менен өкмөттүн Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана Борбор Азия университетинин жетекчилиги келип жолугуп, жаштардын маселесин имараттын ичинде сүйлөшкөн. Окуяга катышкан чет элдик студенттер жергиликтүүлөрдөн кечирим сураган соң, чогулгандар тарап кеткени кабарланган.

Нарындагы Ага Хан университети алгачкы студенттерин өткөн жылы кабыл алган. Эл аралык деңгээлдеги окуу жайда 71 студент окуйт. Алар Кыргызстандан тышкары Тажикстан, Казакстан, Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүнүн жарандары. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG