Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:50

Мэйдин партиясы парламенттеги көпчүлүктү камсыздай алган жок


Британиянын премьер-министри Тереза Мэй.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин Консервативдик партиясы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоодо парламенттеги көпчүлүктү камсыздай алган жок.

Алдын ала жарыяланган жыйынтыктарга ылайык, 650 орундуу өкүлдөр палатсында консерваторлор 313 мандатка ээ болсо, лейбористтерге 261 мандат тийди. Шотландиянын Улуттук партиясы 32, ал эми либерал-демократтар 14 мандатка ээ болду.

Евробиримдиктен чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр башталып жаткан учурда стабилдүүлүктү сактоо жана мандатын бекемдөө максаты менен шайлоо өткөрүү демилгесин 18-апрелде көтөргөн Мэй үчүн бул жыйынтыктар чоң сокку болгонун аналитиктер белгилешүүдө.

Азырынча Тереза Мей шайлоо жыйынтыктары боюнча эч билдирүү жасай элек, ал эми лейбористтердин башчысы Жереми Корбин Мэйдин кызматтан кетишин талап кылууда.

Шайлоо компаниясы террордук чабуулдар менен коштолуп, 22-майда Манчестерде жана 3-июнда Лондондо болгон кол салуулар 29 кишинин өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG