Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Москвада үйлөрдүн сүрдүрүлүшүнө каршы акция өтүп жатат


Москвадагы митингдин катышуучусу.
Москвадагы митингдин катышуучусу.

Мамлекеттик Думанын имаратынын алдына баш калаадагы өткөн кылымдын 50-60-жылдары курулган үйлөрдүн реновация программасынын алкагында сүрдүрүлүшүнө каршылык билдирип, үч жүздөй адам нааразылык акциясына чыкты.

Полиция митингдин үч катышуучусун, анын арасында "Яблоко" партиясынын өкүлү Сергей Митрохинди кыска мөөнөткө кармап, кайра кое берди.

Демонстранттар "Москвадан колуңарды тарткыла!", "Реновация жоголсун!" деген жазуусу бар кагаздарды кармап алышкан. Бүгүн Мамдуманын төмөнкү палатасынын депутаттары реновация боюнча мыйзамды экинчи окууда карашты.

Ушул жылдын февраль айында Москванын мэри Сергей Собянин президент Владимир Путин менен реновация программасын талкуулаган. Долбоорго ылайык, мэриянын "авариялык абалда" деп санаган 1950-1960-жылдары курулган 4500гө жакын беш кабаттуу үйлөрдү түрттүрүү планы бар. Мэриянын демилгесин жактагандардын пикиринде, жалпысынан 62 миллиард доллар турган бул долбоордун мааниси жогору, анткени ал Москвадагы турак жай кризисин чечип, эски үйлөрдүн ордуна заманбап жана бийик имараттардын тургузулушуна шарт түзөт. Ал эми нааразылар сентябрь айында баштала турган программа алардын кыймылсыз мүлккө ээ болуу укуктарына карама-каршы келерин белгилешүүдө.

Май айынан бери шаардыктар үч жолу массалык митингдерге чыгышты.

XS
SM
MD
LG