Британиянын улуттук акчасы фунттун наркы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу кескин түшүп кетти.
Британ валютасы долларга карата эки пайызга, ал эми еврого карата 1,5 пайызга арзандады. Ошентсе да бул Брекситтен кийинки төмөндөөгө салыштырмалуу өтө күчтүү жоготуу эмес. Анда фунттун наркы долларга карата 11 пайызга ылдыйлап кеткен.
Британияда 8-июнда өткөн шайлоодо премьер-министр Тереза Мейдин Консервативдик партиясы парламенттеги көпчүлүктү камсыздай алган жок.
Алдын ала жарыяланган жыйынтыктарга ылайык, 650 орундуу өкүлдөр палатасында консерваторлор 313 мандатка ээ болсо, лейбористтерге 261 мандат тийди. Шотландиянын Улуттук партиясы 32, ал эми либерал-демократтар 14 мандатка ээ болду.