Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Атамбаев: ШКУ банкын түзүү керек


Президент Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун банкын түзүү керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Астана шаарында өтүп жаткан ШКУ саммитинде айтты.

Атамбаев Кыргызстан Индия менен Пакистандын бул уюмга киришин колдой турганын, ШКУнун кеңейиши менен уюмдун алкагындагы биргелешкен иш-аракеттер үчүн жаңы саясий жана экономикалык шарт түзүлөрүн айтты. Өз сөзүндө президент коопсуздук багытындагы аракеттерди күчөтүүнү сунуштады:

- ШКУнун ишмердүүлүгүндө коопсуздук маанилүү багыт болуп кала бериши керек. Бул жаатта биздин мамлекеттер ортосундагы кызматташтык механизмдерин өркүндөтүү зарыл, - деген Атамбаев «Ислам мамлекети» террордук тобу жана башка экстремисттик уюмдар ШКУнун курамындагы мамлекеттердин жарандарын өз катарына тартып жатканы олуттуу маселе экенин белгиледи.

Ошондой эле соода-экономикалык тармактагы натыйжалуу кызматташтык чөлкөмдөгү коопсуздукту бекемдөөгө көмөктөшөрүн айтып, ШКУ банкын түзүүнү жана аны Бишкекте жайгаштырууну сунуштады.

Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмунун Өнүктүрүү банкын тезирээк ачуу керектигин көптөн бери сунуштап келе жатат. Буга чейин бул демилгеге Орусия каршы чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG