Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:56

Коменда: Гутеррештин Кыргызстандагы программасы өзгөрбөйт


Укук коргоочулар БУУ үйүнүн алдында тынч митинг өткөрүүдө

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутеррештин Кыргызстанга пландалып жаткан сапарынын программасы өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна БУУнун Адам укуктары боюнча комиссариатынын Борбор Азиядагы өкүлү Ришард Коменда билдирди.

Бүгүн кыргызстандык укук коргоочулар жана жарандык коом өкүлдөрү Гутерреш менен жолугушуу мурда пландалганын, бирок кийин кайра мындай мүмкүнчүлүктөн ажыраганына нааразы болуп Бишкектеги БУУ үйүнүн алдында “Саясий жана жарандык укуктарды коргоо” боюнча тынч митингге чыккан болчу.

Алар таза шайлоо өткөрүүгө көзөмөл жүргүзүү укугунан ажыраганын дүйнөлүк коомчулук билиш керек деген пикирде. Ошондой эле Гутерреш менен жолукса өлкөдөгү башка да маселелер тууралуу айтып берүүнү пландап жаткандарын белгилөөдө.

Укук коргоочулар өлкөдөгү укук бузууларга кайдыгер карап жатат деп БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө ишенбөөчүлүк билдиришти.

Ришард Коменда баш катчы Антониу Гутерреш Кыргызстанга кыска убакытка гана келип жатканын, жолугушуулар көп экенин белгиледи. Ал жарандык коом өкүлдөрүнүн адам укуктары маселеси көтөрүлбөй калды деген сынына макул болгон жок.

Гутерреш 8-июнда башталган Борбор Азияга сапарынын алкагында 11-июнь күнү Бишкекке келет. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан соң Ош шаарына барат. (RK/KE)

XS
SM
MD
LG