Нарын шаарында бүгүн аялдар форуму өттү. Ага Жогорку Кеңештин аял депутаттарынан өкүлдөр, жергиликтүү активисттер жана социалдык мекемелердин кызматкерлери катышты.
Форумдун уюштуруучуларынын айтымында, бул иш-чара коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү алдын алуу максатында уюштурулду.
Мындай талкуу, жолугушуулар облуста буга чейин да уюштурулган болчу. Анткени акыркы убакта облус аймагында өспүрүмдөрдүн суициди, зордук- зомбулукка кабылган кыз-келиндер жана өспүрүмдөрдүн окуялары ачыкка чыга баштады. Аларды тиешелүү мекемелер териштирүүдө. (MIK)