Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Тереза Мэй жаңы өкмөт түзөт


Британиянын премьер-министри Тереза Мэй. 09.6.2017.
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй. 09.6.2017.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 19-июнда өлкөнүн Евробиримдиктен бөлүнүү жүрүмүн жүзөгө ашыруу иш-аракетин мойнуна алчу жаңы өкмөт курат. Ал өз партиясы Түндүк Ирландиянын Демократиялык юнионисттик партиясы (DUP) менен биргеликте коалиция түзөөрүн 9-июнда шайлоодон кийин жасаган алгачкы билдирүүсүндө айтты.

- Мен урматтуу ханышанын кабыл алуусунда болдум. Эми мен жаңы өкмөт түзөм. Ал туруктуулукту камсыздап, өлкөбүз үчүн оор маалда Британияны алдыга сүрөй турган өкмөт болот, - деди Тереза Мэй.

Түндүк Ирландиянын Демократиялык юнионисттик партиясы 8-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо парламенттин төмөнкү палатасындагы 650 орундун онуна ээ болгон. Өкмөт башчынын Консерватордук партиясы көпчүлүктү камсыздай албай, 318 мандатка ээ болгон. Ал эми Мэйдин башкы атаандашы, лейбористтердин лидери Жереми Корбин өкмөт башчынын кызматтан кетүүсүн талап кылды.

XS
SM
MD
LG