Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Түркия: ирактык күрттөрдүн референдум өткөрүү демилгеси ката


Күрт автономиясынын борбору Эрбилдеги качкындардын балдары.
Күрт автономиясынын борбору Эрбилдеги качкындардын балдары.

Түркия бийлиги Ирактагы Күрт автоном облусунун бийликтеринин көз карандысыз болуу үчүн референдум өткөрүү демилгесин "ката" деп атап, сынга алды.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги 9-июнда тараткан билдирүүсүндө Ирактын бүтүндүгү өлкөдөгү туруктуулуктун башкы шарты экендиги белгиленген. Анкара ирактык күрттөрдү Ирактын биримдигин бекемдөөгө жигердүү катышууга чакырды.

Ирактагы Күрт автономиясынын бийлик өкүлдөрү 7-июнда аймак төбөлсүз болуу үчүн 25-сентябрда референдум өткөрүшөрүн жарыялашкан. Байкоочулар бул демилгени Багдаддагы борбордук бийлик колдоорунан күмөн санашууда.

Буга чейин Кошмо Штаттар да референдум өткөрүү демилгесин колдобостугун билдирген. Бул тууралуу 8-июнда Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы маалымдаган.

XS
SM
MD
LG