Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Москвада студенттер митингге чыкпагыла деген эскертүү алды


26-марттагы антикоррупциялык жүрүш. Орусия
26-марттагы антикоррупциялык жүрүш. Орусия

Москвада 12-июнга белгиленген антикоррупциялык акциянын катышуучуларына окуу жай жетекчилиги сабагында, кийин ишке орношууда маселе жараларын эскерткен. Бул тууралуу РБК басылмасы Алексей Навальныйдын штабынын өкүлдөрүнө таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Санкт-Петербург, Самара, Калининград, Владимир жана башка шаарларында мектепте, жогорку окуу жайларда окугандарга митингге катышпоого чакырышкан.

Жума күнү Санкт-Петербургдагы Мечников атындагы медициналык университеттин ректораты 12-июнда акцияга чыкпоого үндөгөн билдирүү тараткан. Жетекчилик Алексей Навальный чагым уюштурууга аракет кылып жатат деген жүйө келтирген.

Алексей Навальный баштаган активисттер 12-июнь күнү Орусиянын 212 шаарында бийликтер уруксат берген-бербегенине карабай антикоррупциялык жүрүштөргө чыгууну көздөп жатат.

Москванын коопсуздук департаментинин башчысы Владимир Черников Навальныйга демонстрация үчүн Кремлге жакын көчөлөрдү эмес, борбордон башка эки жерди сунуш кылган.

Буга чейин 26-марттагы антикоррупциялык жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адам катышып, Москвада полиция миңдей адамды кармап, анын ичинде Навальныйдын өзү 15 суткага кесилген болчу.

XS
SM
MD
LG