Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Аба ырайы: чукул билдирүү


10-июнда күндүз жана 11-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар, тоо этектеринде нөшөр жаашы күтүлүүдө. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Ал эми 10-15-июнь күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суу кирет. Айрым райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын табы

Чүйдө түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12 болот.

11-июнда Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күндүн күркүрөшү күтүлөт, күндүз ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16 градус, күндүзгү жогорку температурасы 25…27 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG