Линктер

шейшемби, 24-апрель, 2018 Бишкек убактысы 21:58

АКШ президенти Дональд Трамп жана Орусиянын лидери Владимир Путин Германияда "Чоң жыйырманын" саммитинде жолугушу мүмкүн.

Бул тууралуу Bloomberg агентиги АКШнын админстрация өкүлүнө таянып жазды. Админстрация өкүлү эки лидердин кайсы суроолорду талкууларын, жолугушуу кандай форматта өтөрүн ачык айткан эмес.

Буга чейин АКШ жана Орусия президенттери июлда, Германияда "Чоң жыйырманын" саммитинде жолугарын орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирген эле.

Лавров 10-майда АКШ президенти Дональд Трамп жана мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон менен жолугушкан. Анда Сирия, Украина маселелери, эки өлкөнүн өз ара алакасы талкууланган.

Дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн алдыңкы жыйырма өлкөнүн быйылкы саммити 7-8-июлда Германиянын Гамбург шаарында өтөт.

XS
SM
MD
LG