Өкмөттүн маалымат кызматы кыргызстандыктардын уюлдук телефонуна "Мегаком" мобилдик оператору аркылуу СМС билдирүү жибергенин ырастады.
Бирок андагы “бөөрү” деп жазылган сөздү уюлдук оператор кетирген техникалык ката деп билдирди. Бул Ыйман, маданият жана адеп жылынын алкагында жасалып жаткан иш-чара экени айтылды.
10-июнда кыргызстандыктарга "Ыйман, адеп жана маданият жылы" "Бөлүнсөң бөөрү жеп кетет, Бөлүнүп калды кыргыз деп, Бөлөк элге кеп кетет. (Манастан)" – деген СМС билдирүү келген. Социалдык тармактардын колдонуучулары муну кызуу талкуулап жатышат.