Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

ЖМКга АКШ менен Орусиянын жашыруун сүйлөшүүсү белгилүү болду


Орусиянын ТИМнин жетекчиси Сергей Лавров менен АКШ мамкатчысы Рекс Тиллерсон
Орусиянын ТИМнин жетекчиси Сергей Лавров менен АКШ мамкатчысы Рекс Тиллерсон

Wall Street Journal гезити өз булагына таянып Орусия менен АКШ Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазды. Гезиттин маалыматында тымызын жолугушуулар эки айдан бери Иорданияда өтүп жатат.

Сүйлөшүүлөрдө “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшүү жана аймактагы жаңжалды жөнгө салуу талкууланганы божомолдонот.

Wall Street Journal гезитинин ырасташынча Москва жана Вашингтондун расмий өкүлдөрү эки жолу жолуккан. АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө президенттин Сирия жана “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшүү боюнча президенттин өкүлү барган. Үчүнчү жолугушуу ушул жумада белгиленгени менен катышуучулардын графиги дал келбегендиктен бир нече жолу болбой калган.

Басылманын өз булагы Кошмо Штаттардагы абал, Дональд Трамптын администрациясынын Кремл менен байланышы мүмкүн деген сындардан улам жолугушуулар жашыруун өтүп жатканын жүйө кылган. Ошондой эле расмий Вашингтон менен Дамасктын ортосундагы чыңалуудан улам кийинки жолушуулар үзгүлтүккө учурашы мүмкүндүгү белгиленген.

Анткен менен Ак үй жана Кремл жашыруун сүйлөшүүлөр боюнча комментарий бере элек.

Сирия кризисин жөнгө салуу боюнча Астана сүйлөшүүлөрү акыркы ирет май айынын башында өткөн. Анда ортомчулук кылган Орусия, Түркия, Иран 4-майда коопсуздук зоналарын түзүүгө чакырган меморандумга кол коюшкан.

Орусия чабарманы Сергей Лавровдун Вашингтонго барган сапарында Сириядагы тынчтык келишими башкы тема болгон.

XS
SM
MD
LG