Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:04

Экономика министрлиги товарга “адал” белгисин киргизүүнү сунуштады


Экономика министрлиги “адал” товардык белгисин киргизүү долбоорун коомдук талкууга койду. Өкмөттүн сайтындагы токтом долбооруна ылайык, товарга “адал” сертификатын Стандартизация борборунан белгиленген акыны төлөп алса болот. Продукцияга “адал” стандартын алуу компаниянын өз каалоосу менен жүргүзүлөт.

Өкмөт эт продукциясына бардык тараптан тийиштүү көзөмөл жүргүзүү зарыл экенин эске алуу менен “адал” продукциялары жана кызматтары секторун текшерүү үчүн бирдиктүү концепция иштеп чыккан. Анын негизинде Экономика министрлиги токтом долбоорун даярдаган. "Бул системаны ишке киргизүү менен продукцияларды көзөмөлдөп, өндүрүлгөн товарды сыртка алып чыгууга шарт түзүлөт" деп жазылат министрликтин токтом долбоорунда.

"Халал" деген белгиде өндүрүлгөн адал азык-түлүктөргө коомчулукта ар кыл көз карашта. Акыркы учурларда ушундай белгиси бар мейманканалар жана туристтик фирмалар пайда болду. Кыргызстанда учурда товарга “халал” белгисин берген жеке менчик компаниялар бар.

XS
SM
MD
LG