Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:41

Пакистандын жараны Фейсбукка пикир жазганы үчүн өлүм жазасына тартылды


Исламабаддагы интернет-кафе

Пакистанда сот Фейсбукка жазылган билдирүү үчүн өлүм жазасына өкүм кылды.

30 жаштагы шиит Таймур Раза кудайга акаарат келтирди деп айтыпталууда. Соттун чечиминде ал 2016-жылы социалдык тармакка суннит диний ишмерлери жана Мухаммед пайгамбардын аялдарын мазактаган текст жазганы айтылат. Разанын өкүмгө каршы доо арыз бергенге укугу бар.

Өткөн аптада Пакистандын Жогорку Соту Куранга шек келтиргени үчүн өмүр бою абакка кесилген бир адамды актаган. Сот чечиминде төмөнкү инстанциялар калыс териштирүү жүргүзбөгөнү белгиленген.

Пакистандын мыйзамы боюнча пайгамбарды, ислам динин жана дин ишмерлерин мазактагандар өлүм жазасына тартылат. Адам укугун коргогон Human Rights Watch уюмунун билдирүүсүндө өткөн жылы кудайды танганы үчүн 15 адам айыпталып, камакка алынган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG