Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Мосул үчүн кармашта отуз адам өлдү, анын теңи жай тургундар


Өздөрүн ИМдин жоочулары деп атаган адамдар Ширкатка жакын жерде турушат, Ирак

Иракта өкмөттүк күчтөр суннит отряддарынын жардамы менен Мосулдун түштүгүндө жайгашкан Ширкат шаарына “Ислам мамлекети” террордук уюму койгон чабуулду токтото алышты.

Куралдуу кармашта 30 адам каза тапты. Алардын жарымы жайкын тургундар. Дагы кырктан ашуун адам жарадар болду. Ондой жоочу өлтүрүлдү. Ширкатта азыр коменданттык саат өкүм сүрүүдө.

ИМдин негизги таяныч пунктуна айланган Мосул үчүн сегиз ай бою жүргөн кармашта өкмөттүк күчтөр шаардын жарымын өзүнө кайтарып алды. Армияга АКШ жана жергиликтүү уруулар жардам берди.

Жоочулар азыр Тигрдин батыш жээгиндеги анклавды, шаардын түштүк жана батыш тарабындагы айрым райондорду гана кармап турат. ИМ мурдагыдай эле өлкөнүн Сирия менен чектеш аймагынан кете элек.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG