Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:47

Москванын четинде кеминде төрт адамды атып өлтүрдү деп шектелген адам коопсуздук кызматкерлери менен атышууда жок кылынды. ТАСС мамлекеттик агенттиги бүгүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Ирина Волктун билдирүүсүнө таянып кабарлагандай, «ИИМ менен Улуттук гвардия күчтөрүнүн биргелешкен операциясы аяктады, өлтүргөн адам жок кылынды».

Окуя Кратов кыштагында болду. Жергиликтүү тургундардын бири аңчылык мылтыгынан ок чыгарып, граната жардырганы, атайын операция учурунда үйүнө өрт коюп, качып кетүүгө аракет кылганы кабарланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG