Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Нарын: Чыр чыккан университетте кыргыздын тарыхы жана тили окутулат


Нарындагы Борбор Азия университетинде келерки жылдан тарта кыргыздын тарыхы жана тили окутула баштайт. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна окуу жайдын окутуучусу Диана Фауна билдирди.

8-июнда аталган окуу жайда билим алып жаткан чет элдик студенттер менен жергиликтүү жаштар тобунун ортосунда чыр чыккан. Ич ара пикир келишпестиктин айынан тутанган чырдан кийин жаштар тобу окуу жайга келип чет элдик студенттерден кечирим суратканы тууралуу видео интернетте кызуу талкуу жараткан.

Эртеси күнү Нарын шаарынын жаштары окуу жайдын окутуучуларынан жана студенттеринен кечирим сурап, белекке "Манас" эпосунун китебин жана кыргыздын калпагын тартуулашкан.

- Бул белек биз үчүн абдан маанилүү. Себеби келерки жылы 2-курстун окуу программасына кыргыз тарыхын, тилин жана "Манас" эпосун окутуу курсу киргизилет, - деди Диана Фауна.

Нарындагы окуя боюнча милиция "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иш козгогон. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков чырдын себептерин тыкыр иликтөөнү жергиликтүү бийликке тапшырган. (MiK/RK)

XS
SM
MD
LG