Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Косоводо мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө


Косоводо мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жарандар бир нече айдан бери уланып келаткан саясий чыңалуу токтоп, өнүгүүгө жана ошону менен катар евроинтеграцияга бет ала турган өкмөт келет деген үмүттө.

Сербиядан көз каранды эместик жарыяланган 2008-жылдан бери ушуну менен үчүнчү шайлоо жараяны өтүүдө.

Парламенттик шайлоо келерки жылы өтмөк, бирок премьер-министр Иса Мустафанын өкмөтүнө ишенбөөчүлүк жарыяланганына байланыштуу быйыл уюштурулууда.

1,8 миллион калкы бар Косоводо эмгекке жарамдуу калктын үчтөн бири жумушсуз. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана сот, тартип коргоо органдарынын ишине байланыштуу нааразылык көп. (RK)

XS
SM
MD
LG