Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Иран Катарга азык-түлүк жөнөтүүдө


Катардагы дүкөндө
Катардагы дүкөндө

11-июнда жалпысынан 450 тонна азык-түлүк салган ирандык беш учак Дохага конду. "Иран Эйр" компаниясынын өкүлү Шахрух Нушабадинин кабарлашынча, алар мөмө-жемиш жана жашылча жеткиришкен.

Өткөн жумада Сауд Арабия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги баштаган араб өлкөлөрү терроризмди жана алардын каршылашы Иранды колдойт деп Катар менен каттоону үзүп, транспорттук блокадага алышкан.

Бул чакан мамлекетти Иран менен Түркия колдоп чыгышкан.

Расмий Доха айыптоолорду четке кагып, бул ишти териштирмекке мурда АКШнын баш прокурору болгон Жон Эшкрофттун юридикалык ишканасын жалдады.

XS
SM
MD
LG