Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:25

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Бишкек шаарында соңку беш айда жалпысынын 910 жол кырсыгы катталган. Андан 1100дөн ашуун киши ар түрдүү жараат алып, 23 киши ажал тапканын министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, жол кырсыгынын басымдуу бөлүгү, 56% жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар экени аныкталган. Кырсыктын алдын алуу максатында патрулдук милиция, аймактык жана жашы жете элек балдар боюнча иштеген инспекторлордон турган топ бүгүн, 12-июнда “Жөө жүргүнчү” деген аталышта рейд өткөрөт. Анда жөө жүргүнчүлөр өтчү аймактарга көңүл бурулуп, укуктары, милдеттери туурасында маалымат берилет.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 1000дей адам жол кырсыгынан ажал табат. Бул күндө үч киши жолдо каза болот дегенди билдирет. Ал эми өлкөдө катталган жол кырсыктарынын ар бир үчүнчүсү ылдамдыкты сактабагандыктан келип чыгат.

Бишкекте жарандык активисттер жол кырсыктарын азайтуу боюнча чукул чараларды көрүүнү талап кылып митингдердин сериясын баштаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG