Линктер

жума, 19-январь, 2018 Бишкек убактысы 03:40

Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Кыргызстандагы аялдар жана балдардын эмгек укугун сактоо, башка өлкөдөн көчүп келген этникалык кыргыздардын укуктары менен эркиндигин коргоо боюнча Акыйкатчы институтунун баяндамасын угат. Өлкөнүн башкы укук коргоочусу, омбудсмен Кубат Оторбаев булардан сырткары Бишкек шаарынын жаңы конуштары, жеткиликтүү турак жайга жана башка социалдык, экономикалык укуктар, балдарга карата зомбулук, республикалык психиатриялык ооруканада болгон кишилердин укуктары жөнүндө маалымат берет.

Буга чейин Акыйкатчы институту алты облуста жана тигүү цехтеринде сурамжылоо жүргүзүп, аялдардын эмгек укуктары корголбой жатканын айтып чыккан. Ага катышкан кыз-келиндер оор шартта эмгек келишими жок иштеп жүргөнү, майрам жана дем алыш күндөрү да эс албай, ашыкча эмгектенип бирок аз айлык аларын айтышкан.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жумушсуз катары расмий каттоодо тургандар саны 192 миңден ашуун. Алардын 93 миңге жакынын ишке жарамдуу курактагы аялдар түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG