Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Социалдык тармактарда көп аял алуу маселеси талкууга түштү


Ушул күндөрү көп аял алуу маселеси социалдык тармактарда кайрадан кызуу талкууга түштү. Дин ишмерлери Чубак Ажы Жалилов, Өзүбек Ажы Чотонов катышкан талкуунун видеосу социалдык тармактар тарап, анда сойкулук, жалгыз бой, жакыр жашаган аялдардын маселелери көп аял алууга уруксат берүү менен чечилери айтылган.

Дин ишмерлеринин бул иш-чарасы укук коргоочу, активисттердин кескин сынына кабылды. Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулары эки жаатка бөлүнүп, эки аял алуу маселесин кызуу талкуулап жатышат. Журналист Олжабай Шакир Фейсбук баракчасына молдолордун деңгээли ушул маселеден жогору көтөрүлө албай койду деп жазса, башкалар эки аял алууну мыйзамдаштыруу менен сойкулук азаярын айтышкан.

Укук коргоочу, психологдор көп аялдуулук маселеси менен өлкөдөгү кризистик борборлорго кайрылган кыз-келиндердин көп экенин айтып келишет. Адистер светтик мыйзамда жашаган Кыргызстанда көп аялдуулук маселесине чекит коюлбай келе жатканын аялдардын укуктук сабатсыздыгы жана коомчулуктун кайдыгерлигинен дешет.

Көп аял алуу демилгесин Кыргызстанда алгачкы жолу 2005-жылы ошол кездеги юстиция министри Марат Кайыпов көтөрүп чыккан. Анда коомчулуктун кескин каршылыгына кабылып, муну ойноштукту мыйзамдаштыруу аракети деп айыптагандар болгон. (КЕ/TSh)

XS
SM
MD
LG