Ысык-Көлдө 2017-жылдын сентябрь айында КМШ өлкөлөрүнүн студент, магистр жана жаш илимпоздорунун эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Форум Орус-Кыргыз техникалык университеттеринин концорциумунун түзүлгөнүнүн беш жылдыгына карата уюштурулуп жатат. Учурда министр Гүлмира Кудайбердиеванын буйругу менен форумду уюштуруу комитети түзүлдү.
Бул концорциум 2013-жылы Кыргыз-орус өкмөттөр аралык экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде түзүлгөн. Учурда ага Орусиянын 20, Кыргызстандын алты окуу жайы кирет. (КЕ)