Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Молдовада шайлоо системасына байланыштуу акциялар өттү


Молдовадагы каршылык акциясы
Молдовадагы каршылык акциясы

11-июнда Молдовада шайлоо системасын өзгөртүүнү сындагандар да, жактагандар да акция өткөрүштү.

Кишинёвдун көчөлөрүнө чыккан бир нече миң тургун депутаттарды партиялык тизме менен эмес, аралаш системада, тагыраагы жарымын парттизме, жарымын бир мандаттуу округдан шайлоо чечимине каршы.

Алар парламент сунуштаган өзгөрүү көпчүлүк коалициядагы Демократиялык партия, анын лидери Владимир Плахотнюк үчүн жасалууда дешет. Молдова антикоррупциялык инспекциясынын башчысы Лилия Караскик өлкөдөгү "азганактай жана назик демократияны" коргоо үчүн чыгышканын айтты.

Молдованын башка шаарларында өзгөрүүнү жактап чыккандар да болду. Алар жаңы система мыйзам чыгаруучулар менен элдин байланышын чыңдайт деп ишенүүдө.

Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы бул маселени 16-июнда карап, молдован парламентинин чечимине байланыштуу эксперттердин тыянактарын талкуулайт.

XS
SM
MD
LG