Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Ажылыкка велосипед менен аттанган өзбекстандык аксакал үйүнө кайтты


Түркмөн чек арачылары велосипед менен ажылык сапарга аттанган өзбекстандык пенсионер Хусан Хожибаевди чек арадан өткөрүшкөн жок. Буга анда түркмөн визасынын жок экендиги себеп болгонун аксакал өзү билдирди.

Ал жети күндүн ичинде жалпысынан 1150 чакырым жол жүрүп, Түркмөнстандын чек арасына чейин жеткен.

– Мени чек арадан өткөрүшкөн жок. Баары бир түркмөн визасы жок болгондуктан Түркмөнстандан чыгып баратканымда кармап, депортация кылып салышарын айтышты. Ошондуктан кайрадан велосипед менен үйгө кайтууга туура келди, – деди Хусан Хаджибаев.

Намангандык пенсионер Өзбекстандан ажылык сапарга 2-июнда аттанган. Анда ал Түркмөнстан, Иран жана Сауд Арабиясынын чек арачылары ага тоскоолдук кылбай, чек арадан өткөрүшөт деген ишенимин билдирген.

Былтыр сентябрда Хусан Хожибаев велосипед менен маркум президент Ислам Каримовдун мүрзөсүнө куран түшүрүү үчүн Самаркандга барган. Пенсионер анда 500 чакырым жол баскан эле. Фейсбуктун колдонуучулары аксакалдын сапарын “кичи ажылык” менен салыштырып, ага белекке жаңы велосипед беришкен.

XS
SM
MD
LG