Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Кыйноого шектелген милиция кызматкерлери камакта калды 


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Чүй облустук соту жана Жогорку Сот кыйноого айыпталган Москва райондук милиция бөлүмүнүн үч кызматкерин тергөө абагына камоо тууралуу чечимди күчүндө калтырды.

Бул тууралуу "Кыйноолорго каршы күрөшүү коалициясы" бейөкмөт уюму кабарлады. Буга чейин райондук сот аларды тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Айыпталуучулардын адвокаттары буга макул болбой Чүй облустук сотуна, андан кийин Жогорку Сотко кайрылышкан. Эки сотто тең айыпталуучулардын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок.

Москва райондук ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн үч кызматкери 2015-жылдын 13-январында үч адамды эки күндөй мыйзамсыз кармап, кыйнаган деп айыпталууда. Ошол эле жылдын 3-апрелинде Кылмыш кодексинин 305-1 (кыйноо) беренеси менен козголгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, соттолуучу жарандар милициядагы кызмат ордунан четтетилген. Жабыркагандар мурдагы милиционерлер жабыркагандарга басым жасап, айыптоолорунан баш тарттыруу үчүн коркутуп-үркүтүп жатканы тууралуу арызданып, Башкы прокуратуранын буйругу менен 6-апрелде соттолуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү сунушу берилген.

Райондук сот бул сунушту канааттандырып, баш коргоо чарасы өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкаттан камакка алууга өзгөргөн. Учурда алар Бишкектин №1 тергөө абагында кармалууда. Милиционерлердин адвокаты Эркин Алымкулов аларга жалаа жабылганын жана жабырлануучулардын үчөө тең мурда соттолгонун "Азаттыкка" билдирген. Чүй облусунун Москва райондук сотунда бүгүн бул иш каралууда. (NT)

XS
SM
MD
LG