Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:13

Орусияда антикоррупциялык митингдер өтүүдө


Москвадагы антикоррупциялык жүрүш. 26-март, 2017-жыл.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун маалыматына караганда, оппозициячыл саясатчы жана антикоррупциячыл активист Алексей Навальныйдын жактоочулары акцияга чыгар замат аларды кармоолор да башталды.

Маселен, Владивосток шаарында оппозициянын жергиликтүү бийликтер менен макулдашылбаган митингинде активисттердин кеминде экөө кармалды, бирөөнүн бетине жашыл сыя чачып кетишти.

Благовещенск шаарында болсо кеминде төрт активист кармалган.

Ал эми Казан шаарынын бийликтери антикоррупциялык акцияны шаардын четинде, бирок эртең мененки саат 7де гана өткөрүүгө уруксат беришкен. Жергиликтүү уюштуруучулар кабарлашкандай, бул жерде 400 адам чогулду.

Москванын өзүндө болсо Навальный митинг бийликтер менен мурда макулдашылгандай, Сахаров проспектисинде эмес, Тверской көчөсүндө өтөрүн жарыялады. Макулдашылган орундун которулушун ал бийликтердин кысымы, үн күчөткүч жабдууларды, видео экрандарды колдонууга тыюу салышы менен түшүндүрдү.

Бийликтер өз кезегинде Москвадагы митингдин орду которулушун мыйзамсыз деп аташууда.

Навальный буга чейин анын жактоочулары антикоррупциялык акцияларга Орусиянын 210дон ашуун шаарында чыгарын билдирген.

Буга чейин 26-марттагы антикоррупциялык жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адам катышып, Москвада полиция 1000дей адамды кармап, анын ичинде Навальныйдын өзү 15 суткага кесилген болчу.

Ал буга чейин 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын да жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG