Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Марат: Гутерриштин Бишкекте активисттер менен жолукпаганы кабатыр кылат


10-июндагы БУУнун баш кеңсесинин алдындагы акция.
10-июндагы БУУнун баш кеңсесинин алдындагы акция.

Бул тууралуу "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун мүчөсү, жарандык активист Зулфия Марат БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин Кыргызстандагы сапары тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып билдирди.

- Анын (Антониу Гутерриштин) сапарынын күн тартибинде жарандык коом менен жолугушуу турган жок. Бул бизди кабатыр кылат. Анткени, жада калса БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгы абалга көз салып, байкоо жүргүзүү мандатына ээ эмес. Муну менен алар адам укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзө албай калды, - деди Зулфия Марат.

10-июнда Бишкекте укук коргоочулар жана активисттер Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганына нааразылык билдирип чыгышкан. "Саясий куугунтук, сөз эркиндигине басым, Баш мыйзамдагы укуктарыбыз басмырланбасын" деген талаптар жазылган кагазды БУУ кеңсесине тапшырышкан.

Бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүнүн тизмесинде болбой калганына жарандык коом 9-июнда да нааразылык билдирген.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Борбор Азияга сапарынын алкагында Бишкекке 11-июнда келген. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, "Таза коом" долбооруна байланышкан жыйынга, Ошто июнь окуясынын жети жылдыгына арналган иш-чараларга катышкан. Ошондой эле БУУнун баш катчысы Ош шаарындагы жарандык коомдун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушкан. (NT)

XS
SM
MD
LG