Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

ЭКСПО-2017: Кыргызстан электр энергияны даңазалап жатат


Астанада өтүп жаткан ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстан өлкөнүн электр өндүрүү тармагын даңазалап жатат. Кыргызстандыктар үчүн көргөзмө аянтынан 36 квадрат метр жер бөлүнгөн. Бардык маалыматтар сенсор экрандар менен сунушталып жатканы расмий кабарланды.

Кыргызстан шамал, суу жана күндөн электр энергиясын өндүрүү дарамети, анын натыйжалуулугун даңазалаган видеоролик да даярдап барган.

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттери катышып жаткан ЭКСПО-2017 көргөзмөсү 10-июнда ачылды. 10-сентбярга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG