Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Машине коюп кеткен наристенин абалы оор


Бул тууралуу Бишкектеги балдардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, кыздын абалында жылыш бар, бүгүн реанимациядан палатага которулат.

- Реанимациядан жакшы болуп, палатага которолу деп жатабыз. Келгенде өтө оор абалда болчу. Азыр оң жылыштар бар. Бирок абалы оор бойдон.

Төрт жашар кызды 10-июнда Бишкектин Төмөнкү Ала-Арча районунун Сары-Челек көчөсүндөгү үйүнүн жанында машине сүзүп кеткен. Аны коюп кеткен айдоочу жашы жете элек өспүрүм экенин жана айдоочулук күбөлүгү жок машине айдап, катуу ылдамдыкта баратканын Бишкек шаардык Патрулдук милициясы билдирген. Маалыматка караганда, окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 281-121-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Окуя тартылган видео интернетке тарады. Анда үйдүн короосунан чуркап чыга калган наристени катуу ылдамдыктагы автоунаа сүзүп, токтобой кетип калганы тартылып калган. (NT)

XS
SM
MD
LG