13-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32;
Таласта түнкүсүн +10...+15, күндүз +26...+31;
Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23;
Нарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз +8...+13;
Бишкек шаарында түндө жаан-чачын болбойт. Күндүз жамгыр жаап, күн күрөшү мүмкүн. Түнкүсүн +14…+16°, күндүз +28…+30 градус болот.