Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды


Текебаев менен Чотонов Биринчи май райондук сотунда.
Текебаев менен Чотонов Биринчи май райондук сотунда.

Бишкек шаардык соту бүгүн "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын карап, аларды абакта калтырды. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, сот Чотонов боюнча 7-июнда чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Ошондой эле Өмүрбек Текебаевге карата 22-майда чыккан өкүм да өзгөргөн жок. Буга чейин прокуратура мурунку соттун чечимдерин мыйзамдуу деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

- Мыйзамды одоно бузуу менен Текебаев президенттик шайлоого барбасын деп, ишти кароонун мөөнөтүн кыскартып жатат. Анткени, мыйзам боюнча Текебаевдин адвокаттары баш коргоо чарасын өзгөртүп бергиле деп кайрылууга укуктуу. Булар ошол укукту бузушту. Прокуратура алдын ала шаардык сотко кайрылды. Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 22-майындагы Текебаевдин сот жоопкерчилиги (подсудность) сакталсын жана баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз камакта калсын деген чечими бар болчу. Прокуратура ошону мыйзамдуу жана негиздүү деп чечип бериңиз деп, сотко кайрылып жатат. Кассация дегенде эгерде биринчи инстанциянын чечими мыйзамсыз жана негизсиз болсо гана кайрылганга укугу бар. Мыйзамда ушул өкүмдү мыйзамдуу жана негиздүү деп чечип бериңиз деген арыз менен кайрылууга болбойт.

Ал эми Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Алманбет Абдраманов мамлекеттик айыптоочулар соттолуучулардын бөгөт чарасынын колдонулушунун мыйзамдуулугу боюнча сотко кайрылууга укугу бар экенин билдирди. Анын "Азаттыкка" айтымында, кылмыш ишинде прокуратура дайындаган мамлекеттик айыптоо тарабынын мындай укугу Кылмыш-жазык-процессуалдык кодексинде көрсөтүлгөн.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы гана каралары айтылган. Бирок жараянда Текебаевдин иши да каралды. 8-июнда баш коргоо маселеси чечилгенге чейин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи жана министр Дүйшөнкул Чотоновдун Биринчи май райондук сотундагы процесси убактылуу токтогон.

Текебаев 2010-жылы орус жаранынан ири суммада пара алган деген шек менен февраль айында кармалып, көп өтпөй ушул эле ишке байланыштуу Чотонов камалган. Экөө тең УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Райондук сот УКМК тергеген ишти 5-июнда карап баштаган.

Соттолуучулар кылмыш иши бийликтин буйругу менен саясий максатта козголгонун айтып келет, ал эми Башкы прокуратура бул айыпты четке кагууда. (NT)

XS
SM
MD
LG