Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

ЕККУ Кыргызстандагы демократиялык кайра түзүүлөрдү колдойт


ЕККУ баш катчысы Ламберто Занньер/12-июнь/2017
ЕККУ баш катчысы Ламберто Занньер/12-июнь/2017

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстандагы демократиялык кайра түзүүлөрдү колдойт. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Ламберто Занньер бүгүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолуккан учурда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчы шайлоочуларды идентификациялоонун биометрикалык системасын колдонуу менен парламенттик шайлоолорду уюштуруудагы жана өткөрүүдөгү ЕККУнун көрсөткөн жардамын баса белгиледи. Баш катчы Ламберто Занньер алдыдагы президенттик шайлоолорго жакшы даярдык көрүүнүн маанисине токтолуп, ЕККУнун байкоочулар миссиясын жөнөтүүгө даяр экендигин айтты. Ошондой эле “Таза коом” санариптик трансформация долбоорунун башталышы менен куттуктады.

11-июнда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Бишкектеги сапарында эл аралык "Таза коом" форумуна катышкан. Анда президент Атамбаев аталган долбоор коррупцияны азайтууга өбөлгө болорун, ушул жолду илимий негизде, жакшы инвестициялар менен улантса, Кыргызстан мындан да жакшы ийгиликтерге жетишерин белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG