Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Орусиядагы жүрүштө кармалгандардын саны миңге жакындады


Санкт-Петербургдагы антикоррупциялык демонстрация. 12-июнь, 2017-жыл.
Санкт-Петербургдагы антикоррупциялык демонстрация. 12-июнь, 2017-жыл.

Орус милициясынын бүгүнкү демонстрациялар учурундагы аракетине байкоо салып жаткан ОВД-Инфо уюмунун эсебине караганда, полиция Москванын борбордук Тверь көчөсүнөн 650дөн ашуун, Санкт-Петербургдан 300дөн ашуун кишини кармады.

Санкт-Петербургда активисттер кармалгандарды укуктук жактан коргоо үчүн каражат топтоого да киришти.

Орусиянын түндүк борборунун Марс талаасы деген бөлүгүнө чогулгандар “Путин ууру!” деп кыйкырып турушту. Москвада кармалгандар арасында оппозициячыл саясатчы Илья Яшин да бар.

Ал эми антикоррупциялык жүрүштүн уюштуруучусу, 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын жарыялаган Алексей Навальныйды полиция Москвадагы демонстрация башталганга чейин эле үйүнүн сыртынан кармап кетти.

12-июнь - Орусия күнүндө өлкөнүн шаарлары менен шаарчаларында болгон 200дөн ашуун демонстрациялар учурунда ондогон адамдар кармалды.

Москвада демонстранттарды кармоо учуру. 12-июнь, 2017-жыл.
Москвада демонстранттарды кармоо учуру. 12-июнь, 2017-жыл.

Москвада коррупцияга каршы митинг Бишкек убактысы боюнча кечки саат беште бийлик менен мурда макулдашылгандай Сахаров проспектисинде эмес, Кремлге жакын Тверь көчөсүндө башталган.

Полициянын калкан жана желим таяктар куралданган атайын күчтөрү демонстранттарды бул аймактан күч менен сүрүп чыгарышты. Демонстранттар Москвада да “Путин ууру!”, “Навальныйга боштондук” деп кыйкырып жатышты.

Борбордо макулдашылган орундун которулушун Навальный бийликтердин кысымы, үн күчөткүч жабдууларды, видео экрандарды колдонууга тыюу салышы менен түшүндүргөн. Бийлик өз кезегинде Москвадагы митингдин орду которулушун мыйзамсыз деп аташкан.

Демонстранттарды кармоо. Санкт-Петербург, 12-июнь, 2017-жыл.
Демонстранттарды кармоо. Санкт-Петербург, 12-июнь, 2017-жыл.

Милициянын билдиргенине караганда, Навальный коомдук демонстрациялардын эрежесин бузган, милицияга каршылык көргөзгөн деп айыпталууда. Эгер сот дагы күнөөлүү деп тапса, 15 суткага чейин кесилиши мүмкүн.

Навальныйдын Коррупция менен күрөшүү корунун өкүлдөрү болсо бүгүнкү демонстрацияларга чейин алардын кеңсесинде электр кубаты, интернет байланыш да атайлап өчүрүлүп салганын маалымдашты.

Мындан мурда, 26-марттагы антикоррупциялык жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адам катышып, Москвада полиция миңдей адамды кармап, анын ичинде Навальный 15 суткага кесилген болчу. Ал буга чейин 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын да жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG