Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Борис Немцов сыйлыгы активист Ильдар Дадинге ыйгарылды


12-июнда Германиянын Бонн шаарындагы Deutsche Welle медиакомпаниясынын кеңсесинде Борис Немцов атындагы сыйлыкты ыйгаруу салтанаты өттү. Бул жылы сыйлык демократиялык баалуулуктарды сактоо жаатындагы көрсөткөн эрдиги үчүн орусиялык активист Ильдар Дадинге берилди. Дадин өзү бул иш-чарага чет элдик паспорту жок болгонуна байланыштуу катыша алган эмес. Анын атынан сыйлыкты укук коргоочу Сергей Давидис алды. Борис Немцов атындагы фонддун негиздөөчүсү жана башчысы Жанна Немцова жакын арада Москвада саясат өзгөрөт деген үмүтүн билдирди. Ал “кийинки жылы сыйлык эрдик үчүн эмес, демократиялык кайра түзүү үчүн берилишин каалайт элем” деди. Бонндо өткөн салтанатта Европарламенттин төрага орун басары Александер Ламбсдорф, сыйлыктын биринчи лауреаты, саясатчы Лев Шлосберг дагы сүйлөдү.

Талапкерлерге ачык добуш берүү “Новая газетанын” сайтында жүрдү. Окурмандар алгач 30, кийин беш кишинин ичинен тандашты. Дадинден сырткары талапкерлер тизмесинде оппозициялык саясатчы Алексей Навальный, укук коргоочу жана журналист Зоя Светова, активист Сергей Мохнаткин, Брянскта коррупцияга каршы акцияны уюштурган окуучу Максим Лосев бар болчу. Сыйлыктын акчалай бөлүгү 10 миң еврону түзөт.

Саясий активист Ильдар Дадин массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча мыйзам талаптарын бир нече жолу бузган деп табылып, 2015-жылы Москванын Басман райондук соту тарабынан үч жылга эркинен ажыратылган. Апелляциялык арыздануулардан кийин анын абак мөөнөтү алты айга кыскартылып, быйыл февралда абактан чыккан.

Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Кремлге жакын жердеги Замоскворецкий көпүрөсүнөн ок жеп мерт болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG