Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:27

Бел-Алма көмүр кенине байланыштуу кылмыш иши козголду


Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бел-Алма көмүр кенине байланыштуу кылмыш иши козголду. Ишти Кылмыш кодексинин мыйзамсыз ишкерлик, сот чечимин аткарбоо жана жер кыртышын бузуу беренелеринин негизинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы иликтеп жатат. Бул тууралуу облустук прокуратурадан "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Майдан айыл аймагында жайгашкан Бел-Алма кенинде 80 миллион тоннанын тегерегинде көмүр бар.

Кенди чалгындоого уруксат алган “Беш-Арча” ишканасы көмүрдү коррупциялык жолдор, мыйзам бузуу менен казып жатканын айтып, жергиликтүү тургундар бир топ убакыттан бери нааразылык билдирип келишет. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Бел-Алма боюнча арыздарды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы 2015-жылдан тарта иликтей баштаган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG