Аксы районундагы Авлетим айылында күйдүргү очогу көмүлгөн жердеги дарыя жээгин бекемдөө иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 11-июнда 50 метр жээк бекемделди.
Авлетим айыл аймагына караган Бүркүт участкасында 7-июнда дарыяда суу катуу кирип, жээкке жакын жайгашкан күйдүргү очогу көмүлгөн жерге жетип калган. Аны суу алып кетүү коркунучу жаралган.
Бул жерде күйдүргү очогу 1984-жылдын 27-июлунда көмүлүп, 50 чарчы метр бетондолгон.
Аксыда Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында кооптуу абал азыр да сакталып турат. Күйдүргү жана суу ташкын коркунучуна байланыштуу өткөн аптада райондо өзгөчө кырдаал жарыяланган. (NT)