Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Мадумаров шайлоого катышуу боюнча сунуштарды карап жатат


Адахан Мадумаров.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоого аттануу боюнча сунуштарды карап жатат. Орозо бүтөрү менен чечимин элге жарыяларын "Азаттык" радиосуна билдирип, "талапкер болуу ниетиңиз барбы?" деген суроого "бар болгон үчүн ушундай аракеттер болууда" деп жооп берди:

- Мен карайм, көрөм. Элдин, тарапкерлердин пикирин билишим керек. Шашпай отуруп, чечим кабыл алуу кажет. Ыйык орозо айы бүтсүн. Чечим кабыл алабыз. Буйруса, эки жума убакыт калды.

2016-жылдын ноябрында Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков тандем түзүп, президенттикке бир талапкер чыгарышарын жарыялашкан. Быйыл майда Келдибеков Алайда эл менен жолугушкан учурда шайлоого өз алдынча аттанары белгилүү болгон.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. Президенттик кызмат үчүн Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов ат салышары буга чейин маалымдалган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (24)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG