Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети президенттик шайлоону дайындоого байланыштуу токтом долбоорун жактырды. Бул тууралуу 13-июнда мыйзам чыгаруу органынын басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин токтомунун долбооруна ылайык, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалууда. Андан тышкары бул документте өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар жазылган.
Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш шайлоого төрт ай калганда президенттик шайлоону дайындоого тийиш. (SE)