Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:42

АКШ Сенаты Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү макулдашты


АКШ Конгрессинин жыйын залы.
АКШ Конгрессинин жыйын залы.

Сенатта республикачылар менен демократтар жетишкен макулдашууга ылайык, Орусияга АКШнын былтыркы президенттик шайлоого кийлигишкенинен улам жаңы санкциялар кабыл алынат. Ал эми Украинадагы “агрессиясына” байланыштуу буга чейин киргизилген санкциялар мыйзам аркылуу бекемделет.

Макулдашылган мыйзам долбооруна жазылган негиздемеде Орусияга каршы кабыл алынуучу жаңы санкциялар “орус өкмөтү атынан кибер ишмердүүлүк жүргүзгөн жеке адамдарды” бутага алары көргөзүлгөн.

Сенатта жетишилген макулдашуу боюнча Орусияга каршы жаңы санкциялар адам укуктарын бузганы, Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтүн курал менен камсыздаганы үчүн да киргизилет.

Ал эми Орусияга каршы анын Украинадагы аракеттеринен улам буга чейин президенттин жарлыгы менен киргизилген санкциялар мыйзам аркылуу бекемделет. Муну менен Конгресс ал санкцияларды кайра кароо, эгер Ак үй аларды жумшартууга аракеттенсе тоскоолдук жасоого укук алмакчы. Мыйзам долбоор ушул аптада колго салынары күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG