Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:12

"Асыл" жана "Витязь" эс алуу жайлары өкмөттүн карамагына өттү


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Ысык-Көлдөгү «Витязь» пансионаты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, балдардын "Асыл" эс алуу жайы Билим берүү жана илим министрлигинин балансына өткөрүлдү.

Тиешелүү токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Мындай чечим билим берүү жана маданият кызматкерлерин мамлекеттик колдоо максатында кабыл алынган.

"Асыл" пансионаты Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында жайгашкан. Ал эми Чок-Тал айылындагы "Витязь" эс алуу, дарылоо жайын мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев мыйзамсыз менчиктештирип алганы айтылып, 2010-жылы бийлик алмашканда улутташтырылган. Эс алуу жайы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына өткөрүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG