Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:48

Түндүк-түштүк жолу үчүн Сауд өнүктүрүү фондунан насыя алынат


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети кыргыз өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы түндүк–түштүк альтернативдүү жолунун курулушун каржылоо боюнча насыялык келишимди жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана жол министрлигинин өкүлү Азимкан Жусубалиевдин айтымында, жеңилдетилген насыя аталган жолдун 24 чакырымына жумшалат. Төлөө мөөнөтү – 25 жыл, пайыздык үстөгү – 1 пайыз.

Жолдун жалпы узундугу – 433 чакырым. Ушу тапта 74 чакырым үчүн каржы табыла элек. Бир топ бөлүгүнө кытай инвесторлору салым кошушкан. Жолду 2020-жылы пайдаланууга берүү пландалган.

XS
SM
MD
LG