14-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33;
Талас жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31;
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +29...+34;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8...+13, күндүз +19...+24;
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз +8...+13;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамал күндүз 14 метрге чейин жетет. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус болот.